Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-12
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында 2022-жыл ичинде көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында 2022-жылга карата бекитилген бюджетинен пайдалануу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылында 2022-жылга бекитилген бюджетинен төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
- айылдагы контораны реконструкциялоо үчүн-500 000 (беш жүз миң) сом.
- “Жаштык” көчөсүнө КТП-160-04-10 үлгүсүндөгү трансформатор үчүн-250 000 (эки жүз элуу миң) сом.
- айылдын согуш курмандары үчүн орнотулган эстеликти оңдоо үчүн-100 000 (жүз миң) сом.
- “Ак-Тайлак Ата”гөрүстөнүн оңдоо үчүн-100 000 (жүз миң) сом.
- “А.Юсупалив” көчөсүндөгү скважинанын айланасын оңдоо үчүн 50 000 (элуу миң) сом.
- “А.Юсупалиев” көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан № 12 А.Атамов орто мектебине чейинки аралыкка тратуар жасоо үчүн-400 000 (төрт жүз миң) сом
- “Андагул” участкасындагы скважинанын бургулоо иштери үчүн-170 000 (бир жүз жетимиш миң) сом.
Жалпы -1 570 000 (бир миллион алты жүз жетмиш миң) сом.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |