Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-13
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылында 2022-жыл ичинде көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылында 2022-жылга карата бекитилген бюджетинен пайдалануу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылында 2022-жылга бекитилген бюджетинен төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
- айылдагы жаңы курулган маданият үйүнө эмеректер үчүн-700 000 (жети жүз миң) сом.
- № 11 “Чолпон” МЧББУнун кошумча тайпага эмеректер үчүн-150 000(жүз элүү миң) сом.
- “Бишкек Баатыр”көчөсүн шагалдоо үчүн-200 000 (эки жүз миң) сом.
- айылдагы мүрзөнүн четин тосмолоо үчүн-40 000 (кырк миң) сом.
- айылда жыл ичиндеги спорттук мелдештер үчүн-40 000 (кырк миң) сом.
- айылдагы көчө жолдорду жашылдантыруу үчүн-30 000 (отуз миң) сом.
- айылдагы “Көчө Оозу” көчөсүндөгү таза суу түтүктөрүн оңдоо үчүн- 150 000 (жүз элуу миң) сом.
Жалпы-1 310 000 (бир миллион үч жүз он) сом.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |