Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-14
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылында 2022-жыл ичинде көйгөйлүү маселелерди чечүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылында 2022-жылга карата бекитилген бюджетинен пайдалануу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылында 2022-жылга бекитилген бюджетинен төмөндөгүдөй максатта жумшалсын.
- № 35 “Сафед-Булан” гимназия мектебинин китепканасын жаңылоо-300000 (үч жүз миң) сом.
- айылдагы “Гимназия” көчөсүн асфальттоо проекти үчүн 100 000 (жүз миң) сом.
- “Караванский” көчөсүнө тротуар жасоо үчүн-250 000 (эки жүз элуу миң) сом.
- “Капчыгай” көчөсүн таза суу менен камсыз кылуу үчүн-50 000(элуу миң) сом.
- айылдагы тринажор залдын эмеректери үчүн-100 000 (жүз миң) сом.
- айылга жаңы спорт зал проекти үчүн-100 000 (жүз миң) сом.
- айылда өткөрүүлүүчү спорттук мелдештер каражаттары үчүн-150 000 (жүз элуу миң) сом
- “Ак-Там” көчөсүндөгү электр зымды жаңылоо (1000м)үчүн 50 000 (элуу миң) сом.
- айылдагы жаңы “Жаңы коуш”га кеткен жолду оңдоо үчүн-100 000 (жүз миң) сом.
- айылдагы ҮДТнүн имаратын таза суу менен камсыздоо жана айланасын тосмолоо үчүн-150 000 (бир жүз элуу миң) сом.
- жаңы скважина проекти үчүн-150 000 (жүз элуу миң) сом.
Жалпы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |