Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-15
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынын “Музейная” көчөсүнө ат коюу жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Сафед-Булан айылынын “Музейная” көчө тургундарын арызын канааттандыруу максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Коргон айыл аймагындагы Сафед-Булан айылынын “Музейная” көчөсүндөгү жарандардын 2021-жыл 28-июньдагы жыйынынын №1 Протоколунун негизинде айылдын атуулу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Адашбаев Турсунбай Шакирович наамы “Музейная” көчөсүнө ыйгарылсын.
Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысын А.Кадировго жүктөлсүн.
Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Чиналиевага тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |