Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы
2022-жылдын 1-февралы № 7-16
Ак-Коргон айыл аймагындагы ички канал жана арыктарды оңдоо чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо жана айыл аймактын СПАларын ирригациялык фонддун каржылоо максатында Ак-Коргон айыл Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы СПАлардын балансындагы оңдоого муктаж болгон ички каналдарды оңдоо айыл өкмөттүн балансына алынсын.
2. Ак-Коргон айыл аймагындагы СПАлардын балансындагы оңдоого муктаж болгон ички каналдарды оңдоо үчүн тиешелүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап акча каражатын бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Туманбаев |