Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХ сессиясы
2022-жылдын 28-июну № 30/1
“Чарба плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т. Э. Акматовдун 21.06.2021-жылдагы №7- кайрылуусу жөнүндө
“Чарба плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Т.Э.Акматовдун кайрылуусун жана Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 30-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөт башчысынын сунушу менен “Чарба плюс” жоопкерчилиги чектелген коомунун чакан ГЭС куруу боюнча долбоорлору жактырылсын.
2. Тийиштүү жерди бөлүп берүү жана документация иштерин, курулуш иштерин бүтөрүүгө көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтом чыккан күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Мазакеев Ш.Т. |