Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 31/5
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2019- 2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комисиясынын корутундусун эске алып,Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 31-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү долбооруна өзгөртүүлөр киргизилсин.(Тиркеме 2 баракта)
2. Бул долбоорлордун иш кагаздарынын даярдалышын камсыздоо жагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |