Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 31/6
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу А.Молдокеев атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтунун башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп,бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комисиясынын корутундусун талкуулап,Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 31-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу А.Молдокеев атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин имаратынын чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна түрткү беруучу грантка өздүк салым катары 2022-жылдын бюджетинен 31112390 беренесинен 300088.30 сом (үч жүз миң сексен сегиз сом отуз тыйын) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Түрткү берүүчү грантка өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жана иш чараларды иштеп чыгуу жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |