Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 31/7
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунун жээгине темир тосмо жана жол жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ызакановдун билдирүүсүн угуп,бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап,Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 31-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач-Сары-Челек жолунун жээгине темир тосмо жана жол жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу үчүн Аксы райондук өнүктүрүү фондуна оздук салым катары 2022-жылдын бюджетинен 31112390 беренесинен 354 638 (үч жүз элүү төрт миң алты жүз отуз сегиз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Түрткү берүүчуү грантка өткөрүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо, иш чараларды иштеп чыгуу жана жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |