Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 7-2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2021-жылга карата аткарылышы, 2022-жылга жана 2023-2024-жылдарга карата долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2022-жылдын 1-февралындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, КР ЖӨБ жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелерге ылайык кабыл алынып, “канааттандырарлык” деп кабыл алынсын.
2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 5985,9 (беш миллион тогуз жүз сексен беш миң тогуз жүз) сом, теңдөөчү грант 4235,0 (төрт миллион эки жүз отуз беш миң) сом, ата-энелер төлөмү 1155,0 (бир миллион бир жүз элүү беш миң) сом кошулуп, жалпысы 11375,9 (он бир миллион үч жүз жетимиш беш миң тогуз жүз) сом суммасында кабыл алынсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылдагы чыгаша бөлүгү 5,6,7,8,9,10 тиркемелерге ылайык 11375,9 (он бир миллион үч жүз жетимиш беш миң тогуз жүз) сом суммасында кабыл алынсын.
4. Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга, 2023-2024-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүмүнө жана 12-беренесинин 3-бөлүмүнө негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга жумшоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Жергиликтүү бюджетти үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш чараларга 200,0 (эки жүз миң) сом, ардагерлер кеңешине материалдык, техникалык колдоого 20,0 (жыйырма миң) сом бөлүнсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%га чейинки же болбосо 100,0 (бир жүз миң) сом эсебинде айыл өкмөттүн резервдик фонду түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 11-беренесинин негизинде, калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0 (эки жүз миң) сом, Жерге-Тал айылында курулуучу бала бакчаны королоого 250,0 (эки жүз элүү миң) сом, жаңы бала бакчанын керектөөлөрүнө 64,0 (алтымыш төрт миң) сом, Субанов көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна өздүк салым үчүн 195,9 (бир жүз токсон беш миң тогуз жүз) сом бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык планда көрсөтүлгөн 196,1 (бир жүз токсон алты миң бир жүз) сом акча каражатынын 3/1 бөлүгү же болбосо 65,4 (алтымыш беш миң төрт жүз) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетине которулат.
10. Жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетти аткарууну, кабыл алынган пландарга ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Э.Найманбаевага жүктөлсүн.
11. Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Турабековго тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |