Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 31/8
Кара-Жыгач айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин башчысы Э.Каратаевдин 2021-жылдагы жүргүзгөн ишинин жылдык отчету жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Каратаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бюджет жана экономика, айыл чарбасы жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 31--сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын 2020-жылга карата берген жылдык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, айыл чарбасы жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |