Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 7
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына социалдык шаарча курууга жер берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына “Катар” кайрымдуулук фонду тарабынан социалдык абалы начар, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жана тоголок жетим балдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Коңур-Өгүз айылындагы муниципалдык менчиктеги мектептин курулушуна бөлүнгөн 15 600 м2 жер аянтынын багыты өзгөртүлүп социалдык шаарча куруу үчүн (анын ичинде: мектеп, бала бакча, турак үй, тигүү ишканасы, мечит) берилсин.
2. Берилген жерге зарыл болгон иш кагаздарын даярдоо жана иш кагаздарын даярдоого кеткен чыгымын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенештин төрагасы: |
Э. Мутуев |