Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы № 1
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн № 01-15/761
18.10.2021-жылдагы маалыматын
кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-ноябрындагы №01-15/761 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылуусу боюнча» маалыматынын, Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 9
2. айында аткарылуусу боюнча маалымат тиешелүү адистер сессияга катышпай калгандыктан берилген жок, жогорудагылардын негизинде Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго маалыматты берүү үзгүлтүккѳ учурагандыгына байланыштуу, тиешелүү адистерге чара кѳрүү жагы жүктѳлсүн жана ѳзүнѳ эскертилсин.
3. 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. 3.Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |