Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы № 2
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн № 01-15/738
22.11.2021-жылдагы катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-ноябрындагы №01-15/738 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы киреше булактары бар калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдаланган үчүн жер салыгын чегерүү максатында Кз-зоналдык коэффицентин 0,3-тѳн-1,2 чейинки ѳлчѳмдѳ бекитип берүү жөнүндө» кайрылуусун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы киреше булактары бар калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдаланган үчүн жер салыгын чегерүү максатында Кз зоналдык коэффицентин Октябрь, Беш-Бала, Сафаровка айылдарына коэффицент 1-1,2 чейинки ѳлчѳмдѳ, ал эми калган айылдарына коэффицент 0,6 чейинки ѳлчѳмдѳ бекитилсин жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |