Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы № 3
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 11-ноябрындагы №01-15/ 847 кайрылуу катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Багыш айыл ѳкмѳтүнүн №1-15/847 “Жеке ишкер Исаев Саматбектин, Кѳк –Арт дарыясынын нугуна чакан ГЭС курууга жазган арызынын негизинде, 15 га таштуу жайыт жер аянтынын категориясын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин категориясына ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳгү” кайрылуусунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт дарыясынын жээгинен чакан ГЭС курууга 15 гектар таштуу жайыт жер аянтынын категориясын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин категориясына которууга макулдук берилсин жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |