Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы № 4
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-ноябрындагы №01-15/846 кайрылуу катын кароо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-ноябрындагы №01-15/846 «Шоро-Дѳбѳ» участкасынан турмуш тиричилик калдыктарын жана таштандыларды таштоо үчүн №428, №429 контурларындагы 1 га таштуу жайыт жер аянтынын категориясын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин категориясына ѳзгѳртүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳгү” кайрылуусунун негизинде, Багыш айылдык кеңешинин Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар, экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиянын сунушун карап, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Шоро-Дѳбѳ» участкасынан турмуш тиричилик калдыктарын жана таштандыларды таштоо үчүн №428, №429 контурларындагы 1 гектар таштуу жайыт жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлердин категориясына которууга макулдук берилсин жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |