Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы №5
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин VII-чакылыштагы кезексиз VI-сессиясынын 2021-жылдын 18-августундагы токтомунун негизинде түзүлгѳн убактылуу комиссиясынын 15.09.2021-жылдагы актысын карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айылдык кеңешинин VII-чакылыштагы кезексиз VI-сессиясынын 2021-жылдын 18-августундагы токтомунун негизинде түзүлгѳн убактылуу комиссиянын 15.09.2021-жылдагы актысы эске алынсын.
2. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан менчигинин түрүнѳ карабай бардык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзам талабына ылайык келтирүү жана 2022-жылдын 01-январына карата жердин балансы боюнча колдонуу абалын тактоо, такталган маалыматты 2022-жылдын 01-апрелине чейин Багыш айылдык кеңешине даярдап берүү жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат өзгөчө кырдаалдар,экология, курулуш, архитектура жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Канназаровго жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |