Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 11-январы № 6
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн № 01-15/890 22.11.2021-жылдагы катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Багыш айыл ѳкмѳтүнүн № 01-15/890 22.11.2021-жылдагы « Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу 33,94 га жер аянтка турак жай курулуп калганына байланыштуу, категориясын ѳзгѳртүүгѳ чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу айыл чарба багытындагы эмес 33,94 га жер аянтка турак жай курулуп калганына байланыштуу, пайдалануу багытын турак жай курууга которууга макулдук берилсин жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жана аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Маматалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |