Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 1
Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруу жөнүндө
Багыш айылдык кеңешинин Регламентин, Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын XXI-сессиясынын 30.01.2020-жылдагы №7 токтому менен бекитилген “Багыш айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ” жобонун 1.5. пунктун негиздеп, Багыш айыл өкмөтүнүн 14.01.2022-жылдагы №01-15/20 «Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнүндѳ» сунушун, Багыш айылдык кеңешинин Социалдык, коомдук жана эл аралык уюмдар менен байланыш туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Бүткүл Дүйнөлүк мусулмандар жаштар Ассамблеясынын курулуш иштери боюнча кызматкери Нусубалиев Кеңешбек Акимжановичке Багыш айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |