Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 18-январы №5
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн № 01-15/26 18.01.2022-жылдагы катын кароо жөнүндө
Багыш айылдык кеңешине Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 18-ноябрындагы №01-15/26 «Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жеринде орнотулган «Скай Мобайл», ОсОО «Нур Телеком» ЗАО «Альфа Телеком» ишканалардын уюлдук телефон антенналары үчүн бир айлык ижара акысын 5,0 миң сомдон 8,0 миң сомго чейин жайгашкан жерине карап чечим чыгарып берүү жөнүндө» кайрылуусун негизинде, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жерлеринде орнотулган ОсОО «Скай Мобайл», ОсОО «Нур Телеком» ЗАО «Альфа Телеком» ишканалардын уюлдук телефон антенналары үчүн бир айлык ижара акысы жайгашкан жерине карап 5,0 миң сомдон 8,0 миң сомго чейин ѳлчѳмдѳ бекитилсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Тѳрага | Ж.Сейдахматов |