Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 28-декабры №33
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси боюнча 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата божомолу жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга карата долбоору 15534,0 мин сомго жактырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2023-жылга божомолу 14775,0 мин сомго жактырылсын.
3. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-жылга божомолу 15037,0 мин сомго жактырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Байсабаевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |