Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №34
Саргата айылындагы машыктыруучу залга кирүү тарифин жана машыктыруучуну бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Саргата айылынын айыл башчысы Т.Сыдыковдун сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саргата айылынын айыл башчысы Т.Сыдыковдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Саргата айылындагы машыктыруучу залга, машыктыруучу болуп Шайымкул уулу Камбардын дайындалышына макулдук берилсин.
3. Саргата айылындагы машыктыруучу залга кирүү тарифи окуучуларга 300 сом, чондорго 500 сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |