Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №35
Кара-Көл шаарынын тургуну Мамбеталиев Бакытка Ак-Сай, Кайыңды участкаларынан 0,20 га жайыт жер аянтын микро ГЭС жана эс алуучу жай куруу үчүн трансформация кылууга макулдук берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну Мамбеталиев Бакытка, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай, Кайыңды участкаларынан 0,20 га жайыт жер аянтын микро ГЭС үчүн жана эс алуучу жайдын курулушуна трансформация кылууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |