Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №36
Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Дойбулов Нуриске Ош-Бишкек жолунун 332-чакырымынын жээгиндеги 10 га жайыт жери трансформацияланып, бак тигип көрктөндүрүү үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Дойбулов Нуриске Ош-Бишкек жолунун 332-чакырым аралыгындагы, кирпич заводунун батыш тарабындагы бош жаткан 10,0 га жайыт жер аянты трансформацияланып, көрктөндүрүү жана ошондой эле мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү үчүн мыйзам чегинде, 15(он беш) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |