Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №37
Кызыл-Ураан айылынын тургуну Назаралиев Асылбекке ишкана ачуу үчүн жер аянтын карап берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комисссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Бишкек жолунун жээгинен, 327-328-чакырымынын аралыгынан жайытка караштуу 0,30 га жер аянтын трансформациялап ишкана ачуу үчүн Назаралиев Асылбекке бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү документтерин даярдоо жана жер салыктарын өз убагында төгүп туруу жагы Назаралиев Асылбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |