Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №38
Кара-Көл шаарынын тургуну Баялиева Рысбүбүгө Сары-Таш суу түтүгүнүн 318-чакырымынын боюнан чакан ГЭС куруу үчүн 0,10 га жер аянтын карап берүү жөнүндө.
Кара-Көл шаарынын тургуну Баялиева Рысбүбүнүн кичи ГЭС куруу үчүн 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын тургуну Баялиева Рысбүбүнүн кичи ГЭС куруу үчүн 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Сары-Таш суу түтүгүнүн 318-чакырымынын боюнан чакан ГЭС куруу үчүн 0,10 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом боюнча иш –чара кабыл алып, кийинки сессияда маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |