Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №40
Кызыл-Ураан айылынын Бел участкасына муниципалдык мал базар ачуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылынын Бел участкасындагы эски бактын ордуна муниципалдык мал базар ачуу үчүн 3 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтына муниципалдык мал базарга ылайык долбоорун иштеп чыгуу жана муниципалдык мал базардын тиешелүү укук тастыктоочу документтерин бүткөрүү жагы жер адис М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомго ылайык иш-чара иштелип чыгып кийинки сессияга сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |