Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №41
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун экинчи алкагында айыл чарбасына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында келген, атайын техникалардын ижара наркын бекитип берүү жөнүндө.
Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал чарбасын өнүктүрүү жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун экинчи алкагында айыл чарбасына кызмат көрсөтүү үчүн келген атайын техникалардын акыларын бекитилген тарифтер менен иштетүү жана ар бир механизаторлордун айткандары эске алынып, мыйзамдуу эки тараптуу келишимдерди түзүү жагы жайыт комитети Ж.Сатыбаевке милдеттендирилсин.
2. Техникалардын ижара акысы тиркеменин негизинде бекитилсин.(Тиркеме тиркелет).
3. Ижара акыларын келишимдин негизинде, жайыт комитетинин эсебине төгүү жагы механизаторлорго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |
2022-жылдын 11-февралындагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги
IX сессиясынын № 41 токтомуна 1-тиркеме
Үч-Терек жайыт комитетине Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун экинчи алкагында айыл чарбасына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында келген, атайын техникалардын ижара наркы боюнча
МААЛЫМАТ
Ф.А.А | Техниканын түрлөрү | 2022-жыл үчүн ижара акысы | |||
МТЗ-82.1 Беларус | Прессподборщик Тюкан-1600 | Зерновые сеялка | Роторная косилка | ||
Тургунбаев Т. | 1даана | 1даана |
|
| 100000сом |
Максутаалы уулу Жаркын | 1даана |
|
|
| 50000сом |
БөлөкбаевУ. |
|
| 1даана |
| 25000сом |
АкылбековТ. |
|
|
| 1даана | 25000сом |
Жалпы | 2даана | 1даана | 1даана | 1даана | 200000сом |
Үч-Терек жайыт комитетинин төрагасы: | Ж.Сатыбаев |