Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №42
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2022-жылга жергиликтүү жана Республикалык бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2022-жылга карата 15591,0 миң сом, мунун ичинен 805,0миң сом жайыт пайдалануучулардан , атайын каражатты 1400,0 миң сом түзөт, теңдөө гранты 822,0 миң сом жана жергиликтүү бюджет 12564,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Үч-Терек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2022-жылга карата 15591,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, соц фондко чегерүүлөргө жана коммуналдык чыгымдарга жумшалаары бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1пайызга чейинки же болбосо 133,8 миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн .
4. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде 2022-жылдын 01-январына карата калган калдык негизги каражаттан 3030,0 миң сом, жайыт комитетинен калган калдык 123,3миң сом, жалпы 3153,3 миң сомду түздү. Атайын каражаттан калган калдык 489,8 миң сомду түзөт. Мунун ичинен 465,0 миң сом аппараттан, 24,8 миң сом балдар бакчасынын эсебинде калган. Көрсөтүлгөн акча каражаттары №3 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн дефицит бюджеттен 1500,0миң сом Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасына субсидия болуп эмгек акыга жумшалаары белгиленсин.
6. Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана Өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы 04-24/4-1 буйругуна ылайык, жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
9. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |