Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №43
Үч-Терек айыл аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” №228 токтомун, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 18-ноябрындагы №59 токтомун аткарууга алуу максатында жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 01-2-91 катынын негизинде, 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 50(элүү миң) сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейинки мезгилде Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
2. 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 50(элүү миң) сом акча каражаты бекитилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
4. Эл жана турак жай фондун каттоо Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында так жана сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |