Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №44
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кенешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессияларынын иш планын бекитүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын орун басары У.Күлчороевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылга сессияларынын иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Иш пландын негизинде сессиялардын өз убагында өтүүсүн камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Күлчороев Улукбекке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |
2022-жылдын 11-февралындагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги
IX сессиясынын № 44 токтомуна 1- тиркеме
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылга өтүлүүчү сессиялардын
ИШ ПЛАНЫ.
№ | Каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөттөрү | Кимдер даярдайт |
1. |
Айыл өкмөт башчысынын жана аппаратынын 2021-жыл ичинде жасаган жумуштары боюнча отчету жана 2022-жылга карата иш-планын кароо |
I-кварталда 2022-жылы |
Айыл өкмөтүнүн башчысы ,салык кызматкерлери, вет. адис, жайыт комитети, соц.адис, жер адис жана ВУС кызматкерлери
|
2 | Көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча 3 айлык жарыялоо.Тазалык боюнча иштерди кароо,таштанды полигонун чечүү жөнүндө. |
***** | Экономист-статист, соц маселелер боюнча туруктуу комиссия |
3 | Сугат иштерин уюштуруу.(УОС,СПАнын жазгы иштерге карата даярдыгын кароо.Айыл башчылардын жазгы иштеринин маалыматы |
***** | УОС кызматкери А.Абдыкадыров,СПАнын жетекчиси Молдокан уулу Жаныш Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
4 | Айдап себүү,таза суу,сугат суу,оруп жыюу,бада акысы ж.б. тарифтерди бекитүү |
***** | Статист-экономист С.Жолдошова Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
5 | Токой чарба боюнча адистин, жайыт комитетинин 2021-жылы жүргүзгөн иштерин кароо , 2022-жылга иш-планын карап бекитүү жана көчүп конууну уюштуруу |
*****
| Токой чарба боюнча адис М.Мундузбаев , жайыт комитети Ж.Сатыбаев Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
6 | Айылдык кеңештин төрагасынын , орун басарынын жана туруктуу комиссияларынын отчеттору 2021-жыл үчүн |
***** |
|
1 | Билим берүү тар мактарынын отчету (мектептер, бала –бакчалар) | II-кварталда 2022-жылы | Мектеп директорлору, бала бакча башчылары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
2 | №30 Жол тейлөө ишканасынын жылдык иш-планын кароо |
***** | №30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаев Агрардык маселелер боюнча комиссия |
3 | Участкалык инспектордун 2021-2022ж үчүн жылдык маалыматы |
***** | Участкалык инспектор Мыйзамдуулук комитети |
4 | РЭС мекемесинин 2021-2022ж үчүн жылдык маалыматы |
***** | Абдылдабеков Ж. Агрардык маселелер боюнча комиссия |
5 | Архитектура жана Кадастр ишканасынын маалыматы,Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адисинин маалыматы |
***** | Архитектура жана Кадастр ишканасынын жетекчилери,жер адис М.Келгенбаев Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
1 | Айыл өкмөт башчысынын 6 айлык отчету | III-кварталда 2022-жылы | Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар |
2 | УОС суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы |
***** | УОС суу чарба башкармалыгынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн жетекчиси А.Абдыкадыров Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
3 | Саламаттыкты сактоо тармактары 2021-2022 ж үчүн маалымат |
***** | Башкы дарыгер М.Орозов,ФАП башчылары, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
4 | Байкоочу кеңештин өкүлүнүн отчету |
***** | Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулова |
1 | Күзгү оруп жыйноо иштеринин жыйынтыгын кароо | IV-кварталда 2022-жылы | С.Жолдошова , М.Келгенбаев жана айыл башчылар |
2 | Кышка карата даярдык |
***** | Өкмөт башчы, №30 Жол тейлөө мекемеси,Мектеп директорлору,бала бакча башчылары |
3 | Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши жана башка коомдук уюмдардын иштерин кароо |
***** | Аксакалдар сотунун төрайымы, Аялдар кеңешинин төрайымы , социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия |
4 | Айыл өкмөт башчысынын 9 айлык отчету | ***** | Айыл өкмөт башчысы, туруктуу комиссиялар |
Үч-Терек айылдык кеңешинин коомдук
башталыштагы төрагасынын орун басары: У. Күлчороев