Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №46
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чарага акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чарага акча каражатын карап берүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чарага 50000 (элүү миң ) сом акча каражаты бекитилсин.
Каралган акча каражатын 2215 (“Ар кандай чыгымдар”) статьясынан жумшоо жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
Бекитилген акча каражатын максаттуу жумшоо жагы Үч-Терек айыл өкмөт башчысына милдеттендирисин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |