Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №47
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаалдарга жана ар кандай табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш –чараларга акча каражатын бекитип берүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаалдарга жана ар кандай табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш –чараларга акча каражатын бекитип берүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Койчубаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаалдарга жана ар кандай табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча боюнча иш-чарага 50000 (элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Каралган акча каражатын 2215 (“Ар кандай чыгымдар”) статьясынан жумшоо жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |