Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №48
“Кетмен –Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги” коомдук бирикмесине бал –аарычылар үчүн логистикалык борбор жана кеңсе үчүн 2га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
“Кетмен –Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги” коомдук бирикмесинин төрагасы М.Чолпонкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кетмен –Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги” коомдук бирикмесине бал –аарычылар үчүн логистикалык борбор жана кеңсе үчүн 2га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү бирикменин төрагасы М.Чолпонкуловдун кайрылуусу жактырылсын.
2. “Кетмен –Төбө өрөөнүнүн бал аарычыларынын биримдиги” коомдук бирикмесине бош жаткан жайыт жерлеринен трансформацияланып 2га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнүп берилген жер аянтынын документацияларын тиешелүү мекемелерден бүткөрүп алуу жана жер салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы коомдук бирикменин төрагасы М.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |