Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №49
Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан жалдана турган жактоочуга кызмат акысы үчүн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетин үнөмдөө максатында, ардактуу эс алуудагы мурунку ветеринардык адис К.Жумабековдун доо арызын канааттандырбоо үчүн, жалданган жактоочунун кызмат акысын карап берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, ,Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан жалдана турган жактоочунун кызмат акысы үчүн 30000 (отуз миң ) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Каралган акча каражатын 2215 (“Ар кандай чыгымдар”) статьясынан жумшоо жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
3. Бекитилген акча каражатын максаттуу жумшоо жана жактоочу менен мыйзам чегинде келишим түзүү жагы, Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин..
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |