Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №51
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата насостук станциясынан таза суу долбоору үчүн 3,0 га жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата насостук станциясынан таза суу долбоору үчүн 3,0 га жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушу колдоого алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата насостук станциясынан таза суу долбоору үчүн 3,0га жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |