Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №52
Үч-Терек айылынын тургуну Урматаев Тагайбекке ишкана ачуу үчүн жер аянтын карап берүү жөнүндө.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылынын тургуну Урматаев Тагайбектин Ош-Бишкек жолунун жээгинен, 326-327-чакырымынын аралыгынан жайытка караштуу 0,12 га жер аянтын ишкана ачуу үчүн сурап кайрылган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылынын тургуну Урматаев Тагайбектин кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Ош-Бишкек жолунун жээгинен, 326-327-чакырымынын аралыгынан жайытка караштуу 0,12га жер аянтын трансформациялап ишкана ачуу үчүн Урматаев Тагайбекке бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |