Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №53
Саргата айылынын тургуну Абдылдаев Нурланбекке ишкана ачуу үчүн 0, 30 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Саргата айылынын тургуну Абдылдаев Нурланбекке, ишкана ачып ишкерлик жүргүзүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушу колдоого алынсын.
2. Саргата айылынын тургуну Абдылдаев Нурланбекке, Үч-Терек–Кызыл-Өзгөрүш автожолунун 4-километриндеги, Саргата айылынын Б.Борбиев көчөсүнүн Кызыл-Өзгөрүшкө бара жаткан авто жолдун күн чыгыш тарабынан 0,30га жер аянты ишкана ачуу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтын мыйзам чегинде чектеп берүү жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке жана берилген жер аянтынын тиешелүү документерин бүткөрүп, жер жана башка салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы Абдылдаев Нурланбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |