Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №54
Сары-Таш каналына агып келүүчү Бууракан суусуна насос коюу үчүн Бууракан суусунун Камбар-Ата-2 ГЭСине келип куйган жеринен 0,05га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек, Саргата айылынын тургундарынын үлүш жерлерин жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин суугат суу менен камсыз кылуу үчүн, Сары –Таш каналына суу тарттыруу максатында ,Үч-Терек айыл аймагындагы “Бууракан” өзү агып келүүчү суусуна насос орнотуу үчүн 0,05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушу колдоого алынсын.
2. Сары-Таш каналына агып келүүчү Бууракан суусуна насос коюу үчүн Бууракан суусунун Камбар-Ата-2 ГЭСине келип куйган жеринен, 0,05га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтын мыйзам чегинде чектеп берүү жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке жана берилген жер аянтынын тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |