Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №55
” Өзү агып келүүчү Осмон –Ата суугат суусун , Үч-Терек айылына жана Саргата айылына караштуу Сай участкасына жеткирүү үчүн 5,1 км суу түтүкчөсүн жердин алды менен тартып келүү” долбоорунун өздүк салымын бекитип берүү жөнүндө”
” Өзү агып келүүчү Осмон–Ата суугат суусун, Үч-Терек айылына жана Саргата айылына караштуу Сай участкасына жеткирүү үчүн 5,1 км суу түтүкчөсүн жердин алды менен тартып келүү” долбоорунун өздүк салымы үчүн 400000(төрт жүз миң)сом акча каражатын, атайын фонддон бөлүнүүчү каражаттын эсебинен бекитип берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушу колдоого алынсын.
2. ” Өзү агып келүүчү Осмон –Ата суугат суусун, Үч-Терек айылына жана Саргата айылына караштуу Сай участкасына жеткирүү үчүн 5,1 км суу түтүкчөсүн жердин алды менен тартып келүү” долбоорунун өздүк салымы үчүн 400000(төрт жүз миң)сом акча каражатын карап берүү жагы атайын фонддон суралсын.
3. Атайын фондко сунушталган 400000(төрт жүз миң)сом акча каражатынын суралышы боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |