Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2021-жылдын 11-февралы №56
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы кезексиз VIII сессиясында кабыл алынган №26 « Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна долбоор даярдоо жана өздүк салымын бекитип берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылындагы Т.Абдиев атындагы маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин, Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы кезексиз VIII сессиясында кабыл алынган №26 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы кезексиз VIII сессиясында кабыл алынган №26 «Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунун каржылоосуна долбоор даярдоо жана өздүк салымын бекитип берүү жөнүндөгү» токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. « Т. Абдиев атындагы маданият үйүнүн 450 орундуу көрүүчү залын жана 250 орундуу бий залын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн » деген сөздөр, « үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн » деген сөздөр менен алмашылсын.
3. «үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоору, Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталсын.
4. «үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоорун даярдоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Н.Ажиматовага жана Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн башчысы Т.Кадырбаевге милдеттендирилсин.
5. «үч-Терек айыл өкмөтүнүн Т.Абдиев атындагы маданият үйүн толук капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоорунун өздүк салымы үчүн 300,0 миң сом акча каражаты, Атайын фонддун каражатынын эсебинен бекитилип берилсин.
6. Аты аталган долбоордун өздүк салымы үчүн атайын фондко сунушталган 300,0миң (үч жүз миң)сом акча каражатынын суралышы боюнча иш алып баруу жагы, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |