Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 11-февралы №57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү» ЖОБОнун негизинде, ген планга кирген системалык каттоодон өткөн, ээси аныкталбаган жерлерди жана ашыкча тосулган жерлерди арыз менен кайрылган жарандарга турак жай куруу үчүн комиссиянын протоколунун негизинде чектеп берүүсүнө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында 2004-жылдагы системалык каттоодо жер участоктору 0,8 сотыхтан 0,15 сотыхка чейин берилип, жерлерин ченеген мезгилде кээ бир жарандар ген планга кирген жерлерди ашыкча тосуп алгандыктан жана жер тартыш болгондуктан , ошол жарандардын ашыкча жерлерин, жер алуу боюнча арыз менен кайрылган балдарына чектеп берүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү» ЖОБОнун негизинде, ген планга кирген системалык каттоодон өткөн ээси аныкталбаган жерлерди жана ашыкча тосулган жерлерди арыз менен кайрылган жарандарга турак жай куруу үчүн комиссиянын протоколунун негизинде чектеп берүүсүнө макулдук берилсин.
2. Макулдук берилген жерлерди мыйзам чегинде жана турак жай куруу үчүн комиссиянын протоколунун негизинде чектеп, тиешелүү кагаздарын дайындоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык азык-түлүк, жер маселелери, курулуш, байланыш, энергетика, транспорт жана экология, көрктөндүрүү , жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |