Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 09-июну №4
Катраң айыл аймагынын Алмалуу тоосундагы “Апрельский” алтын кенин иштетүү, “Козу-Баглан” дарыясын түбөлүкө таза сактоо жана кенди иштетүү үчүн алынган лицензиядан түшкөн акчаны кайтаруу жөнүндө
Катраң айыл аймагындагы элдердин “Апрельский” алтын кенин иштетүү, “Козу-Баглан” дарыясын түбөлүкө таза сактоомаксатында болуп өткөн чогулуштун протоколун карап чыгып Катраң айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катраң айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларынын талабы жана кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Өгөрүш айылынын “Алмалуу” тоосундагы “Апрельский” алтын кени “Козу-Баглан” дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан ар кандай зыяндардын(ден соолукка жана экологияга) алдын алуу максатында кенди чалгындоо жана казуу иштери токтотулсун.
3. Лейлек району үчүн маанилүү болгон “Козу-Баглан” дарыясы жана экология түбөлүкө таза сакталсын.
4. Кенди чалгындоо үчүн алынган лицензиядан, Катран айыл өмкөтүнүн эсебине келип түшкөн 26 648 155 (жыйрма алты милион алты жүз кырк сегиз миң бир жуз элүү беш) сом акча каражаты “Апрельское AZi” ЖЧКсынын атайын эсебине кайтарылсын, акча каражатын кайтаруу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Айтбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Катраң айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Бөрүбаев |