Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 10-августу №8
“Таштанды (мусор) үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу же кабыл албоого макулдук берүү жөнүндө”
Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 25-ноябрындагы №0262109-138-32 сандуу катынын негизин Катран айыл Өкмөтүнүн улук салык кызматчысы К.Ниязалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Катран айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 25-ноябрындагы №0262109-138-32 сандуу катынын негизинде Катыран айыл Өкмөтүнүн улук салык кызматчысы К.Ниязалиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Катраң айыл аймагында ташталган (мусор) таштандыларга Катраң айыл аймагында жашаган жарандарынын КР салыктык эмес төлөмдөр Кодексинин 74-беренесинин негизинде мусор үчүн төлөм алууга 2022-жылдын 1-январыдан макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катраң айыл өкмөтүнүн улук салык кызматкери К.Ниязалиевге тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Катраң айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Катраң айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Ж.Бөрүбаев |