Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 8-декабры №16
Караң айылдык страдегиялык планына сунуштоо жөнүндө
Катраң айылдык коомдук инвестициялык бирикменин аткаруу комитетинин 20.09.2021дагы отурумунун протоколун карап талкуулап чыгып Катраң айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катраң айылдык коомдук инвестициялык бирикменин сунушу көңүлгө алынсын.
2. Катраң айылдык коомдук инвестициялык бирикменин сунушу Катраң айыл өкмөтүнүн 2022-жылгы ТОП программасына киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Катраң айылдык коомдук инвестициялык бирикменин аткаруу комитетинин төрагасы К.Туратовго тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Катраң айылдык Кеңештин төрагасы С.Бөрүбаевге калтырылсын, коомдук бирикме квартал сайын Катраң айылдык Кеңешине маалымат берип турсун.
Төрагасы: | С.Бөрүбаев |