Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-февралы №1
Ноокен айыл өкмөтунүн, 2022-жылга бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ноокен айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана финансы экономика бөлумүнүн башчысы С. Султанмуратовдун Ноокен айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин жана 2023-2024-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын VII–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С. Султанмуратовдун 2022-жылга бюджет жана 2023-2024-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга бюджетинин долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары боюнча 2022-жылдын 6 жана 9 айдын жыйынтыгы менен токтомго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жагы сунушталсын.
4. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылга бюджеттин долбоору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 250,0 (эки жүз элү миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетитнин 2022-жылдын 1-январына калган калдыгы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ноокен айыл өкмөтүнүн сапар чыгымы №4 тиркеме ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-июнундагы “Кыргыз Республикасынын бюджетинин укутарынын негизги принциптери жөнүндөгү” №78- Мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2022-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебинде 211,0 миң сомдук Ноокен айыл өкмөтунун башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн.
9. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте коргоолучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц-фонд төлөмдөрү, дары-дармек, тамак аш чыгымдарына) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
10. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы Б. Календеровго жана финансы экономика бөлумүнун башчысы С. Султанмуратовго милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | А.Садыков |