Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-февралы №2
Ноокен айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө.
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун кызматтык автоунаа алуу боюнча кайрылуусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын VII–сессиясы токтом кылат:
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун кайрылуусунун негизинде 2022-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен кызматтык автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | А.Садыков |