Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-февралы №5
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагынан 82,9 га жерди трансформациядан чыгаруу жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайракы жерлерди трансформациядан чыгаруу жөнүдөгү кайрылуусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын VII–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке турак жай салуу үчүн кезеке турган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөттүн кайракы жерлеринен 82,9 га жерди трансформациядан чыгарууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөтүнүң жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Оморовго милдетендирилсин
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | А.Садыков |