Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-февралы №6
Ноокен айыл өкмөтүнун карамагындагы 75.700 км каналдарды тазалоо жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Календеровдун Ноокен айыл өкмөтүнүн карамагындагы 75,700 км каналдарды тазалоо жөнүдөгү кайрылуусунун негизинде Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын VII–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн карамагындагы 75.700 км каналдарды тазалоо максатында 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150 (бир жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөтүнүң жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ноокен айылдык Кеңешинин эл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Оморовго милдетендирилсин
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | А.Садыков |