Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-февралы №10
Ноокен айыл өкмөтүнүн Коминтерн, Параканда, Киров айылдарындагы таза сууга болгон төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн Коминтерн, Параканда, Киров айылдарындагы таза сууга болгон төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндө долбоорду ишке ашыруучу К.Айтбаевдин кайрылуусун карап чыгып Ноокен айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын VII–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн Коминтерн, Параканда, Киров айылдарындагы таза сууга болгон төлөмдөрдү суу эсептегич аппараттар орнотулбаган ар бир кожолукка ар айга 500 (беш жүз) жана суу эсептегич орнотулган ар бир кожолукка 1 куп суу үчүн 30 сомдон бекитилип берилсин.
2. Коминтерн, Параканда, Киров айылдарынын айыл башчылары А. Исраилов жана Р. Гапаровдорго ар бир кожолукка суу эсептегич аппараттарынын милдеттүү түрдө орнотүү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин социалдык маселелер жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мырзалимовго милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кенешинин төрагасы: | А.Садыков |